Пожелания на все случаи жизни на кыргызском. Как стать "своим" на тоях

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке. Архивное фото
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Подписаться
В праздники хочется поздравлять друзей самыми теплыми и добрыми словами. Редакция Sputnik Кыргызстан собрала самые "вкусные" и искренние пожелания для кыргызскоязычных друзей.

БИШКЕК, 5 июн — Sputnik. Оригинально поздравить друга с важным праздником можно на кыргызском языке. 

Редакция Sputnik сделала подборку добрых пожеланий. Читайте, пользуйтесь, делитесь. 

Туулган күн кут болсун! — С днем рождения!

Молодожены. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызские свадьбы за рубежом — видео самых оригинальных "тоев"
Туулган күнүңдө көп маанилүү, жагымдуу сөздөрдү айтып, жакшы тилектеримди тартуулагым келет.Жашооң өргө чыга берсин, өмүр жолуңда жакшылыктар көп болуп, сени бийик чокуга жеткирип жөлөк болчу адамдар жаныңа жолдош болсун, баскан жолуң акыл-тажрыйбаңды өрчүтсүн. Ар бир туулган күнүңө куттуктоолор чын дилден айтылып, жылуу жана сен күткөндөй болсун. 

Чың ден соолук, жаркын маанай каалайм, эч нерседен кем болбо. Жашооңдо түйшүгүң аз, куунак күндөр көп болсун, ар бир тилеген тилегиң орундалып, ойлогон максатыңа жете бер. Жүзүңдөн жылмаюу кетпей, кирешең уучуңа толуп, иштеген ишиң жаңы ачылыштарга дем берсин. Дагы бир жолу туулган күнүң менен куттуктайм! Бул күн бардык каалоо-тилектериң аткарылчу, күтүүсүз белектерди алып келе турган күн болсун.

Кармашкан колуңар бекем болсун! — С днем бракосочетания!

Баш кошкон күнүңөр менен куттуктайбыз! Силердин үй-бүлөгө дайым суктанып келебиз. Канча жыл бирге болсоңор да, көзүңөрдөн сүйүү оту жанып турат! Бул эң сонун. Ушул сүйүү өмүр жолуңарга жарык берип, жүрөгүңөрдү дайыма жылытып турсун деп тилейбиз! Үйлөнүү тоюңардагыдай эле силерге кармашкан колуңар ажырабасын демекчибиз!

Бешик боо бек болсун! — С днем рождения ребенка!

Дети отметили свой праздник танцами и играми на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Мэр Бишкека станцевал с детьми на празднике в их честь
Үй-бүлө үчүн баланын төрөлүшүнөн артык маанилүү окуя жок. Наристенин келиши менен үй сүйүүгө, бактыга, кубанычка толот! Ар бир күн жаңы ачылыштарды жаратып, жашоонун жаңы мааниси пайда болот! Балаңар дени сак, кайраттуу, күчтүү, тил алчаак болуп өссүн! Күлкүсү жылаажындай шыңгырап, ата-энесине кубаныч тартууласын!

Жаңы жыл кут болсун! — С Новым годом!

Жаңы жылыңар менен куттуктайм! Бул жыл өткөн жылдан жакшы, андан жаркын болсун. Тилеген тилек, ойлогон ойлоруңардын баары ушул жылы орундалсын. Ар бир жаңы күн жаңы күч-кубат берип, жаңы жакшы ой-аракеттерди жаратып, молчулукка чөмүлтүп, бейиштей ырахат тартууласын!

8-март майрамыңар менен куттуктайм! — С праздником 8 Марта!

Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктайм! Жаз көчөдө гана эмес, жүрөгүңүздө да гүлдөп, сулуулугу көз кубантсын. Сизге бакты-таалай каалайм. Ар бир күнүңүз ачык-жаркын жана эсте каларлык болсун, үйүңүздөн кут жана жылуулук кетпесин. Жашоодо бардык нерсе сиз каалагандай болсун!

Ата Мекенди коргоочулардын күнү кут болсун — С Днем защитника Отечества!

Кымбаттуу биздин коргоочулар! Дайыма бизди жамандыктан калкалап, коргоп турчу кенебес аска-зоодой кала беришиңерди каалайбыз. Ар бириңердин жаныңарда сиздер коргой турган жана дайыма үйүңөрдө күтүп алчу ишеничтүү адамдарыңар болсун. Майрамыңар кут болсун!

Эгемендүүлүк күнүңөр менен куттуктайм! — С Днем независимости!

Бүгүн биздин өлкөбүздүн, Кыргызстандын күнү. Ушул жаркын күндө баарыбызга кыргызстандык болгонубуз үчүн сыймыктанууну каалайт элем. Ар бир адам өзүн эркин, бактылуу, керектүү жана кадыр-барктуу сезсин. Эч кандай согуш, кырсык, экономикалык алаамат бизге келбесин. Баарыңарга гүлдөп өсүүнү, бейкуттукту жана барчылыкты каалайм. Баарыңарды майрамыңар менен!

Тушоо той кут болсун! — С первыми шагами малыша!

Менин кымбаттууларым, тушоо тоюңар кут болсун. Балаңар жаңы гана телчип басып калды, эми тез эле чоңоюп эрезеге жетет. Ал силерди дайыма кубантып, силердин сыймыгыңар, бактыңар болсун. Балаңар дени сак чоңойсун!

Бешик бооңор бек болсун! — Праздник в честь малыша

Военнослужащие во время парада. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
День матери или защитника Отечества: какие праздники стране нужнее
Бешик бооңор бек болсун! Наристеңердин дени болоттон бекем болуп, ата-энесин кубанычка бөлөсүн. Өмүрүн жакшылык жана жаркын нерселер гана коштоп жүрсүн. Алгачкы күлкүсү, алгачкы сөзү, алгачкы кадамы силерди кубантып, бактылуу адам болуп өссүн. 

Балалуу болуу менен өмүрүңөргө жаңы маани, жаңы сүйүү тартуулай турган, жашоонун мурда силерге белгисиз жана бактылуу жактарын көргүлө деп тилейм! Наристеңерди дайыма периштеси колдоп, кайгы-муңдан калкалап жүрсүн!

Нооруз майрамыңар кут болсун! — С праздником Нооруз!

Урматтуу достор! Бүгүн биз жаркын Нооруз майрамын белгилеп жатабыз. Бул күн бизди өз үй-бүлө, досторубуз менен башкача жакындатып турат. Ушул кубанычтуу жана көктөм майрамы менен күн нурундай жылуу куттуктайм! Үй-бүлө жакындарыңар менен бактылуу болгула, тагдырдын бергенин барктап, аны зергердин колунан чыккан асыл таштай артык кылалы!

Лента новостей
0