Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каалаган ишкерлер атайын окутуудан өтүшөт. Тактап айтканда бала бакча ачууну же мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каалагандарга ментордук колдоо көрсөтүү, кеп-кеңеш берүү жана квалификацияны жогорулатуу үчүн аймактарда атайын адисттер иш алып барышат.
“Ачык кеп” программасынын алкагында дал ушул адисттер тууралуу жана дегеле бала бакча жана мектепке чейинки билим берүү кызматтары кандай болушу керек деген суроого жооп издедик.