Кыргыз киносунун жаңы ийгилиги! Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” фильми Кытайдын Циндао шаарында өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн мыкты фильмдери жумалыгында көрсөтүлдү. Эске сала кетсек, бул тасма буга чейин Шанхай эл аралык кинофестивалында баш байгени уткан. Баткендин кооз жаратылышында тартылган, тагдыр, сүйүү, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана кыргыздын кол өнөрчүлүк мурастары камтылган фильм кантип тартылды?
Кененирээк “Стоп кадр” программасында “Кара Кызыл Сары” тасмасынын режиссерунун жардамчысы жана башкы каармандардын бири Мирлан Абдыкалыков айтып берет.