Соңку убакта Кыргызстанда жер титиреген учурлар байма-бай сезиле баштады. Жер силкинүү катуу болбосо да бул нерсе канча бир деңгээлде кооптонууну туудурары турган иш. Бүгүнкү “Күн башат" программасында бул табигый кубулушту илимий көз караш менен чечмелеп, андан сактануу тууралуу кеп кылдык. Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун улук илимий кызматкери, окумуштуу катчы Жибек Калысова жана Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун илимий кызматкери Канышай Өмүрбек кызы жооп берди.