Кыргызстанда зер буюмдарды мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу, жеке ишкерлерди жана зергерлерди каттоо маселеси акыркы жылдары өзгөчө актуалдуу болуп келүүдө. Айрыкча баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын документтештирилиши, салыктык эсепке алуу жана көмүскө экономиканы кыскартуу багытында жаңы талаптар коюлууда. Бул багытта зергерлер үчүн тартипти жөнөкөйлөтүүгө, электрондук каттоо механизмдерин киргизүүгө жана салыктык шарттарды тактоого багытталган жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Бул маселелер тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын баалуу металлдар менен иштөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Абдымомунов кеңири маалымат берди. Маекте зер буюмдарды жана зергерлерди каттоо тартиби, жеке ишкерлер үчүн коюлуп жаткан жаңы талаптар, мыйзам долбоорунун негизги максаттары жана анын тармакка тийгизе турган таасири тууралуу сөз болду.