Кургак учук боюнча абал өлкөдө туруктуу, бирок жуктуруп алгандар да катталууда. Жугузуп алганда алгач байкалбайт, күчөп кеткенде өпкө ачышып, кан түкүрүп баштайт. Бул оору бардык курактагыларда кездешет, бирок өзгөчө 15 жаштан 50 жашка чейинки адамдар көбүрөөк жабыркашат.
Дарылоо мезгили оорунун түрүнө жараша өзгөрөт: адатта 6 айдан 8 айга чейин, ал эми курч түрүндө 18 айга чейин созулушу мүмкүн.
Кургак учук менен күрөшүүдө эң маанилүү нерсе – эрте аныктоо жана толук курс менен дарылоо. Эгер дарылоо убагында башталса, оору толугу менен айыктырылат жана жугузуп алуу тобокелдиги азайтылат. Дарыланып баштаган алгачкы эки жумадан кийин кургак учуктун жугуу коркунучу азаят.